www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүттүн пайдасы менен зыяны тууралуу эл ичинде көптөгөн пикирлер айтылып келет. Кээ бири сүт адам баласына кичинекей кезинде эле керек, чоңойгондо аны ичүү зыян деп эсептешсе, кээ бири сүттү өмүр бою ичүү керек анын пайдасынан башка зыяны жок деген пикирде. Чынында сүттүн ден соолукка болгон пайдасы өтө чоң. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, кимде-ким ашыкча салмактан арылууну көздөсө, күнүгө эртең менен бир стакан сүт ичип турганы оң. Себеби сүттүн курамындагы кальций денедеги ашыкча майларды жок кыла алат. Уйкуңуз качып, канчалык чарчап турсаңыз да мемиреп уктап кете албай жаткан болсоңуз, жатаар алдында бир стакан сүткө балды аралаштырып туруп ичсе адамдын организмин жибитип, уйкусун тез келтирет. Мындан тышкары сүт суусунду кандырат экен. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда сүт азыктарын үзбөй колдонгон адам инфаркт, инсульт сыяктуу коркунучтуу ооруларын 50% азайтат.
Ч.Кожошова, Сокулук району
Булак: “Сырдуу дүйнө”