www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 24-сентябрь күнү Сузак РИИБдин текшерип өткөрүү пунктуна 35 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга тез татым тамагын алып келгендигин билдирген. Тез татым тамагы нөөмөттө турган Сузак РИИБдин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери тарабынан текшерилип, ичинен 3 даана өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат табылып, тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.
Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1988-ж.т. О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал тез татым тамагына 3 грамм 22 мл салмакта баӊгизатына окшогон зат алып келгендиги аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg