www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурун “Говори ТВ” каналынын алып баруучусу Катя Урумканова, РФдагы белгилүү астролог Светлана Драгандан түз эфирде Кыргызстандын саясый абалы тууралуу расмий тилде маектешкен. Аталган көрсөтүү толугу менен NazarNews маалымат агенттиги тарабынан кыргызчыланып окурмандарга сунушталган эле. Светлана Драгандын алдын-ала божомолдору 100% аткарылып жатат. Жакынкы күндөрү Кыргызстанда боло турган окуяларды айтканын окурмандарга эске салып турууну чечтик.

Светлана Драган, “21-25-октябрь күндөрүндө жаңы шайлоо тууралуу сөз башталат, аны менен бирге эл ичинде нааразычылык дагы козголот. Ал оюндарга катыша турчу адамдардын бир топ айласы кетип, бир топ эле оор жагдай болот. Абалдын абдан оорлошу ноябрь айынын 20-30 күндөрүнө туура келет. Бирок агрессиянын туу чокусу 30-ноябрга туш келет. Ал убактарда азыркы түзүлүп калган коалициялар, уюмдар жана топтор бири-бирине каршы агрессивдүү мамиледе болушат.

Азыркы учурда болуп жаткан жана болуп өткөн окуянын баары эч кандай сырттан көрүнгөндөй спонтандуу иш эмес, мунун баары шайлоо башталгандан мурда эле пландалып ишке ашырылган иш.

Бул пландардын максаты:

1. Кыргызстандын экономикасын такыр эле кыйроого учуратып, тышкы экономикалык байланыштарды үзүү.

2. Сентябрь айынын аягына чейин ар кандай процесстерди уюштуруп өлкөдө абалды оорлоштуруу.

3. Кайсы өлкө экенин так айтпай эле коеюн, бирок, Кыргызстанга караганда бир топ чоңураак өлкөнүн ситуациясы дүйнөгө көп белгилүү кылбаш үчүн кичинекей Кыргызстандын жана анын жашоочуларынын тагдырын садага чабуу.

Мени баарынан коркунучтуусу 24-ноябрга белгиленген өтө чоң агрессивдүү, террордук окуя болот. Кудай сактасын албетте, бирок бул темага маани берүү зарыл. Азыркы учурда көп нерсе түшүнүксүз деп аткан темалар жана конфликттердин мотиви 20-30-ноябрь күндөрүндө жалпыга белгилүү болот. Ошол эле учурда бул окуялардын башчылары катары, Өкмөт үчүн эле иштеп жүргөн адамдар экени да ачыкка чыгат”, - деген белгилүү астролог Светлана Драган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости