www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кадр кызматы жок кезде бардык акимдер, губернаторлор, депутаттар, бардыгы жөн эле тааныштарын бийликке түрткөн эмес, алар акча берип чоң кызматка түртүшкөн. Мисалы, акимдин орун басары кызматы - 50 миң доллар, министрдин орун басары 70-80 миң доллар, эгер «крутой» министрлик болсо, 100-150 миң долларга чейин чыгып кетчү. Конкреттүү айтсам, мисалы, Ысык-Көл районунун акими кызматынын наркы 200 миң доллар болгон. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат сайтына маек берип жатып, саясат таануучу, тарыхчы - Табылды Акеров айтып жатат.
- Мамлекеттик кадр кызматын жоюу тууралуу демилге ким тарабынан сунушталып жатат жана аны эмне себептен жойгону жатышат?
- Мамлекеттик кадр кызматы кландык өсүүлөргө бут тосуп келген. Ал эмес кайсы бир тармактын ачендиги кайсы аймакта болбосун же Өкмөттөбү мурункудай, каалаган: тааныштарын, же уруулаш туугандарын же кландаштарын чоң кызматка сүйрөп жүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй калды. Мамлекеттик кадр кызматы кландык тармактарга катуу сокку урган. Иш жүзүндө бардык кадрларды тыштан, таанышы жок алып калышкан. Мунун кандай жетишпеген жерлери бар?
Албетте, бул да Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисине көз каранды болгон. Булар да президенттин же премьер-министрдин, болбосо кайсы бир башкаруучу партиянын жакын адамдары болгон учурлар да болгон. Андай кезде алар деле дайыма кландык түзүлүштү пайдаланып, өз тааныштарын түз өйдө көтөрө алган эмес.
Мамлекеттик кадр кызматын киргизилиши менен, бул түзүлүш бардык жерде бар, Японияда да, Европада да жана башка өнүккөн башка мамлекеттерде, башкы сокку кландык башкарууга жана кландык саясатка урулуп, алар өз жакындарын көчөдөн алып келип кызматка койо алышпай калышкан.
Бирок, Мамлекеттик кадр кызматынын алы парламенттеги кадр саясатына жете бербеген, анткени депутаттар шайланып келишет да, өз маселелерин өздөрү каалашкандай чечишет, өз туугандарын өздөрү ала келишет да жардамчы, кеңешчи, консультант кылып дайындай коюшуп, бир жыл өтпөй аларды башка бийик мамлекеттик органдарга тыгууга аракет кыла башташат.
- Эмне үчүн эң «престиждүү» кызматтарга, айрыкча «капчыкка акча толтура турган» мансаптарга кадрлардын резервиндеги адамдар алынбай тааныш аркылуу алынат?
- Мамлекеттик кадр кызматы жок кезде бардык акимдер, губернаторлор, депутаттар, бардыгы жөн эле тааныштарын бийликке түрткөн эмес, алар акча берип чоң кызматка түртүшкөн. Мисалы, акимдин орун басары кызматы - 50 миң доллар, министрдин орун басары 70-80 миң доллар, эгер «крутой» министрлик болсо, 100-150 миң долларга чейин чыгып кетчү. Конкреттүү айтсам, мисалы, Ысык-Көл районунун акими кызматынын наркы 200 миң доллар болгон. Ысык-Көл району эң «престиждүү» район болгондуктан стабилдүү 200 миң долларың болбосо жолотуп да коюшпайт. Ага салыштырмалуу Панфилов районунун акими кызматы 10 миң эле доллар турат, анткени ал жерде эч нерсе жок, ал эмес өндүрүш дагы.
Булак: NazarNews.kg