www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Атамбаев Кытайга ыктаганынын себеби эмнеде?

— Анын эң негизги себеби, Кытай коммунисттик өлкө. Компартия дагы да үстөмдүк кылып келет. Кытай ири кредитор. Анан калса, Атамбаев өзү да аты уйкаш уруудан. Кытай өзүнө коңшу региондордо да коммунисттик же социалисттик партиялар же саясий күчтөр бийликте болушуна кызыкдар. Ошондо Кытай өлкөсү эч урабайт, анын түбөлүктүүлүгүнө чоң кепилдик болот. Ошондуктан, Бакиевдердин учурунда парламенттик шайлоолор мезгилинде Кыргызстандын компартиясына бул жактан 100 млн акча келген деген сөз тараган эле. Атамбаев деле бул маалыматтан кабардар болсо керек. Балким, дал ошол себептен Кытай менен тыгыз иштешкен.

Айтмакчы, КСДП Кытай тараптан акча алды деген имиштер тараган өлкөдөгү экинчи саясий партия. Мунун баары Кытай Кыргызстандагы социалисттик идеологиядагы саясий партияларды өзүнө моюнтуктап алып, кыргыз бийлигин өз контролуна жана колуна алууга аракеттенип жатат дегендей түр калтырууда. Же болбосо, айрым саясий лидерлер атайылап Кытай тарапка ыктап, жеке өзүнүн чөнтөгүн кампайтуу максатында коңшу өлкөнүн кызыкчылыктарында иштөөгө да макул болуп жатышат. Атамбаевдин мезгилинде көпчүлүк кендердин лицензиялары кытай компанияларына өтүп кеткен. Лицензиялардын дагы бир бөлүгүн Атамбаевдин тегерегиндегилер өз ара бөлүп алышкан.

Мисалы, жакында Зилалиевдин эле бир нече кендерге лицензиясы бар экени белгилүү болду. Бул Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин эмнеге кайрадан чоң саясатка кайтып келгиси келип, убара тартып жаткандыгынын бирден-бир себебин ачыктап турат. Анткени, экс-президент КСДПнын парламентке баруучу акчасын эбак эле дайындап койгон. Эгер буга чейин акчаларды сырттан алып келип олтурушса, эми шайлоонун акчаларын ошол лицензия алган кытай компаниялары жана Атамбаевдин тегерегиндеги лицензияларды бөлүп алгандардын компаниялары чыгарат. Мурдагыдай сырттан акчаны ташып келүүнүн эч кажети жок. КСДПнын акчасы жана парламентке кирүү шансы өтө эле жогору болуп жатпайбы.

Ошого Атамбаев оңой менен артка кайтпастыгын, акырына чейин бара тургандыгын билдирип жатат да. Бирок, кытай проблемасын көтөрүүдө эч ким пайда таппайт. Ким гана бийликке келбесин, анын өзү 3–4 айдан кийин ошол эле кытай проблемасын чече албай койгондугу үчүн куулуп, айдалып кетиши турган иш.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости