www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Атамбаев менен Текебаевди саясий элита чабыштырып коюп, буларды арачалаганга да жараган жок го?
— Ооба. Кептин баары мына ошондо болуп жатпайбы. Текебаевди «Сентябрь» каналы, «Элита.kg» сайты коргоп жатты. Текебаев камалып, сот иштери башталганда, «Ата-Мекенде» да лидерликти талашып, чала-була ырк кетти. Мен ошондо «Сентябрь» каналында жумасына 5 мүнөттүк аналитикалык программам менен бекер чыгып жаттым. Бирок, «Сентябрь» каналын эч ким колдогон эмес. Бийлик «Сентябрь» сот процесстерине тоскоол кылат экен деп аны да жаап тынды. Ошол мезгилде мен чын эле саясатчылардан колдоо күткөм. Отунбаеваны кандайдыр бир билдирүү кылабы деп ойлогом. Отунбаеванын жеке өзүнүн же ушул эле фракция лидерлери менен бирдикте ошол кездеги президент Атамбаевге кайрылуусу жарык көрсө кана. Темирди кызуусунда сок дегендей, ал кайрылуу Атамбаевдин бийлигинин колкоосуна барып кадалып калары бышык эле.
— Макул, ошондой болсун дейли. Бирок, мындан ким утту?
— Рухий лидер болуп тарыхта түбөлүк сакталып калам деген Атамбаев утулду, Текебаев утту. Менин атам, «Кудай жок деген киши, куурап калсын» деп койчу эле. Аны сыңарындай, Кудай бар экен, Текебаевге анын көзү түз экен. Бир кезде эч кимди көзүнө илбей, бийлигине чиренген Атамбаевди бүгүн эч ким көзүнө илбей, өзү үчүн деп салган хан сарайында жападан жалгыз калып, камалып олтурат. Атамбаев жана анын командасынын миллиондорду уурдаган коррупциялык иштеринин фонунда Текебаев камакта олтуруп эле акталып калды. Атамбаев менен Сегизбаев аны түркүн-түркүн амалдарга салып, шоу менен камады эле, эми бул шоркелдейлер экс-президент жана анын командасы фактылардын жана документтердин негизинде шермендеси чыгып, уят болуп олтурушат.
Булак: "Жаңы Ордо"