www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластагы облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына аппаратура сатып алууда документте 10 миллион сом ашык көрсөтүлгөндүктөн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында УКМКнын сайтында кабарланган.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында музыкалык аппаратуралар өз наркынан кымбат бааланган фактыларды аныктаган.
Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жогору кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процедурасы аркылуу Талас облустук музыкалык драма театрына, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан акты менен кабыл алынып, жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратура сатып алышкан.
«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда сатып алынган музыкалык аппаратуранын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда УКМК бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg