www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев «Ак-кайың» балдар бакчасынын ачылышына катышты

Бишкек шаарында «Ак-кайың» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Аталган бала бакчанын эски имараты 1975-жылы курулгандыктан, эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү мекемеси толугу менен жаңыланып, 240 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш иши 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн. Ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

Салтанаттуу иш-чарада УКМК төрагасы жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн, алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү, шарт түзүп берүү, жетекчиликтин башкы милдети экендигин белгиледи. Андыктан, күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кызматкерлери үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын балдары үчүн республиканын бардык аймактарында бала бакчалар курулуп, пайланууга берилип жаткандыгын кошумчалады.

Последние новости