www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Ысык-Көл областындагы Саламаттык сактоо мекемелери имараты менен кошо өздөрү дагы чирип барат. Областтык ооруканалар, ЦСМ  жетекчилеринин чабалдыгы айынан айрым райондук ооруканаларда элдин саламаттыгын сактоодо медициналык кызмат көрсөтүү кооптуу абалга кептелди.

Адамдын ден соолугуна аяр мамиле жасоонун ордуна, орой мамиле жасоо адатка айланды. Элдин саламаттыгы эмес, дарыгерлердин жеке кызыкчылыктары кызык боло баштады. Эл арасында "өлгүң келсе Түптүн ооруканасына бар" деген кепти да укпай койбойсуң.

Саламаттык сактоо боюнча Көлдүн координатору жана ЦСМдин директору Сатылканов Эсенбек иштин көзүн билбегендиги, туура эмес кадрларды ишке алгандын айынан, маселен Түптүн ЦСМ менен аймактык ооруканасы мына эртең жоюлуп кетчүдөй абалда калды. Түп ЦСМ кызматкерлери оорулууларга рецепт же акысыз дары-дармек таратууда бейтаптарга берилди деп, бирок берген эмес, бейтаптар рецепт алган эмес. Атүгүл, алар албагандыгы боюнча тил кат да жазышкан.

Бул боюнча Ысык-Көл областтык Милдеттүү мамлекеттик камсыздоо фондуна арыз берилди. Булар оорукчан адамдардын дарыларын кекиртегине тыккан кандай дарыгерлер? Тигил байкуш оорукчандар кыйналып жатса, дарыгерлер уялбай кайра барып, рецепт дары албагандарга "алганбыз же алганымды унутуп калыпмын же балам алып бербей жүрүптүр",-деп жазып берип койгулачы деп үйлөрүн кыдырып жүрүптүр. Буга айыл өкмөт башчылары дагы кийлигишип жүргөнүн бизге билдиришти.

Түп РБсындагы инфекцияны айттык, эми андагы төрөт бөлүмүнө келсек, буга чейин баланын өлүмү боюнча бир топ ызы-чуу болгон Назгүл Макешовнага нааразычылык болгон менен ага чара колдонгон киши жок. Бүгүн дагы ага нааразы пациенттер жок эмес. Жазгүл, Элнура аттуу Түптүн тургундары төрөт бөлүмүнө кайрылган, аны өз оозунан угалы:

Элнура:"ЭМИ ТҮПТҮН ООРУКАНАСЫНА ЖАКЫН ЖОЛОСОМ ӨЛӨЙҮН"

-Түп төрөт бөлүмүнө ичим ооруп барсам, "эртең кел баланы көрүп алып салайын" деди, мен макул болуп, бирок Караколго келдим. Ал жерден балким бала тирүү, бир-эки күн көрөлү деди. Анан үйгө келгенде катуу ооруганыман кайра Түпкө бардым. Назгүл Макешовна мага кыйкырып кирди, "баланы алып салайын десе укпай өз билгениңерди кыла бересиңер" деди. УЗИнин кагаздарын көрүп алып, анан "мен билгем өлүп калганын, мертвый десем болбойсуң" дейт, ага чейин антип айткан эмес да, "бала что-то ылдыйраак окшойт" деген. Ошентип баланы алып тазалады, анан бүткөндө эле эмнегедир эс-учум жоготтум, эсиме келсем нашатырный спирт жыттап жатыпмын, "өлбөйт"- деп чыгып кетти. Анан ичим катуу ооруй баштады "обезболивающий" берди. Эртеси түшкө жакын келип "сен чыга бер бир жумадан кийин келесиң, ошондо назначение кылам"- деди. Үйгө келгенде кайра ичим катуу ооруй баштады, таң аткыча кыйналдым, эртеси Караколго баса албай араң келдим. Көрсө тазалагандан кийин укол сайыш керек экен, антибиотик бериш керек экен, андай берген жок. Караколдон, "ушундай ахыбалың менен кантип чыгарып ийди сени, укол сайган жокпу" - деп таң калышты.

Жазгүл: "НАЗГҮЛ МАКЕШОВНА ТИРҮҮ БАЛАНЫ ӨЛҮҮ ДЕДИ"

-Түпкө төрөт үйүнө келсем, Назгүл Макешовна кагып-силкип, кекетип кабыл алды, "бол, бат"- деп орой мамиле жасады, колун салып туруп эле "бала мертвый" экен деди. Жаман болуп кеттим, колум байлап, "аборт кылабыз" -деп венага укол саймак болду, мен ыйлап "сайбагыла, эчтеке кылбагыла" - деп сайдырбай койдум. Бөлүмдүн ичинде шарттары да начар экен, ошол жердегилер "шаарга бар, бул жакка бекер келдиң" дешти. Анан алар такси таап беришти, мен ыйлаган бойдон Караколго кеттим. Шаардан УЗИге түшсөм бала тирүү экен, ошондо мен унчукпай Түптүн врачын уксам аборт кылып салмак да. Анан Караколдун гинекология бөлүмүндө жатып чыктым.

А. Бектен

Булак: «Фабула»

Последние новости