www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Корея Донецк Эл Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныды. Бул тууралуу ДЭРдин башчысы Денис Пушилин өзүнүн Telegram-каналы аркылуу билдирди.
"Донецк Эл Республикасынын эл аралык статусу бекемделип жатат. Бул биздин дипломатиядагы дагы бир жетишкендик. Биз Түндүк Кореянын элине Донбасстын жашоочуларын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.
РИА Новости жазганына караганда, Түндүк Кореянын элчилиги өлкө ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн тааныды.
Орусиянын президенти Владимир Путин февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынынан кийин россиялыктарга кайрылып, ЛЭР менен ДЭРдин эгемендүүлүгүн таануу керек деп эсептей турганын билдирген. Ал дароо эле тийиштүү жарлыктарга дагы кол койгон. Ал бул документтер аркылуу Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жардамы менен аталган республикаларда тынчтыкты камсыздоого колдоо көрсөтүүнү табыштаган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg