www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин ассамблеясынын жыйынында Казакстанга башкалардын маалымат согушу жана идеологиялык талаш-тартыштары керек эмес экенин белгиледи, деп билдирет Акорда.

«Улуттар аралык, тилдик жана социалдык негиздеги бардык провокацияларга мамлекет тарабынан мыйзам чегинде катуу бөгөт коюлат. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде иш алып барышат. Ошол эле учурда өлкөбүздүн ар бир жараны өз сөзү жана жасаган иши үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Бизге жат маалыматтык согуштар жана идеологиялык талаш-тартыштар керек эмес», - деди мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, коомдук чөйрөдө ар кандай фальсификациялар, фейк жана деструктивдүү басылмалардын саны байкаларлык көбөйдү.

«Көпчүлүк учурда алардын авторлорунун Казакстанга эч кандай тиешеси жок, алар биздин коомго араздашуунун үрөнүн себүүгө аракет кылып, чет өлкөдөн аракет кылып жатышат. Алардын айткан сөздөрү жана аракеттери ишенбөөчүлүк атмосферасын түзүүгө, адамдардын ортосун араздашууга, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүгө багытталган. Мындай тенденцияларды эске алганда, кара ниет адамдардын аракети менен кылмыштуу же турмуш-тиричилик мүнөзүнө ээ болгон ар кандай окуя улуттар аралык планга өтүп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, биз жоопкерчиликтүү жарандар катары радикализмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин ар кандай көрүнүштөрүнө туруштук берип, назик жана ошол эле учурда катаал болуп, акыры адилеттүү болушубуз керек», - деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости