www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЦУМда бомба бар» деген келин камакта калтырылды

Биринчи май райондук соту жарылуучу зат тууралуу жалган маалымат берген келинди 22-августка чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Г.З. «Чынар» соода борборунан «О!» компаниясынын сим-картасын сатып алган. Андан соң «Айчүрөк» соода борборундагы бомба жана барымтага алынган адамдар тууралуу кабарлаган.

Милиция кызматкерлери соода борборун курчоого алышкан. Сапер жана кинологдор иштешти. Бирок жарылуучу зат тууралуу маалымат тастыкталган эмес.

Бул ишке шектүү аял менен мурунку күйөөсүнүн урушу себеп болгон. Анын мурунку күйөөсү аталган соода борборунда ижарага алган орду бар.

УКМК бул иштин башка катышуучуларын издеп жатат.
Коопсуздук комитети жарандарды кылмыш жоопкерчилигине алып бара турган бул сыяктуу кадамдарга барбоого чакырат. Тактап айтканда, терроризм жөнүндө жалган маалымат берген тараптарга 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. 

Эскерте кетсек, 9-августта кечке маал «Айчүрөк» соода борборунун кардарларын жана кызматкерлерин шашылыш сыртка чыгарышкан. Ага соода борборунда бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы тууралуу анонимдүү маалымат себеп болгон. Милиция кызматкерлери соода борборун курчоого алышкан. Сапер жана кинологдор иштешти. Бирок жарылуучу зат тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Телефон аркылуу терроризм тууралуу жалган маалымат билдирген аял 10-августта кармалган.
Аял 1994-жылы туулган Г.З.А. экени белгилүү болду. Ал Сокулук районунда туулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости