www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түгөйлөргө кеңеш: Үй-бүлөдөгү ысык мамилени сактап калыңыз

Пандемия маалында көпчүлүк адамдар үй-бүлөсү менен бирге. Бул учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн  ортосунда келишпестиктер жаралып, көңүл ооруткан сөздөр айтылып, чакан мамлекетте ырк кетиши мүмкүн. Мындай кырдаалда NazarNews маалымат агенттиги психолог Сейил Жээнбек кызынын кеңештерин сунуштайт. 

Өзгөчө ушул күндөрү  үй-бүлөдөгү аба-ырайы ар бирибизден көз каранды экенин эске алсак, ошол эле үйдүн атасы, апасы жана чоңоюп калган балдар ошол үйдөгү маанайга мен кандай таасир этип атам деген суроону бериш керек. Ансыз да пандемия учурунда жок дегенде кичинекей мамлекетибиздеги маанайды оңдоп алыш бул албетте ар бирибиздин  колубуздан келет ар бирибиз таасир эте алабыз.  Бирок тилекке каршы бул учур биздин үй-бүлөөдөгү  баарлаша билбегендигибизден, баарлашуунун көндүмдөрүн өздөштүрбөгөнүбүздөн кабар берип атат. Эмнеге үйдө олтуруп калганда негатив сөздөр көбөйөт, анткени биз баарлашуунун көндүмдөрүрүн билбейбиз. Мисалы, токтоло турган болсок,  баарлашуунун беш  деңгээли бар.
Биринчи эле ачыктык, саламдашуу 
-Кандайсың? 
-Жакшы.
Бул жерде эч кандай ачыктык жок. Жеке нерселер ортого салынбайт. Ар бир адам башкача айтканда өзүнүн  дубалынын ары жагында коопсуз кала берет. 

Ал эми экинчи деңгээлде  болсо, биз баарлашып жатканда жөн гана факт  жана маалымат алмашып коёбуз бул жерде деле, эч кандай тобокелдик жок. Болгон маалыматты бөлүшөбүз. Бирок айтылган нерсеге карата жеке комментарий бербейбиз. Өзүбүз кандай көз карашта, сезимде экенибизди айтпайбыз. Бул жерде деле эч кандай келишпестик келип чыкпайт. 

Келишпестиктин баары биз үчүнчү деңгээлге өткөндө келип чыгат. Ошондой эле ачуу сөздөр да ушул жерден айтылышы мүмкүн. Мисалы, бул жерде идеалар менен көз карашттарды бөлүшөбүз. Чыныгы баарлашуу  ушул деңгээлде башталат. Бул жерде тобокелчилик бар анткени, кайчы пикирлер, же биздин идеаларыбыз четке кагылышы мүмкүн. Көптөгөн көйгөйлөр дал ушул деңгээлде  башталат.  Эгер биз  өз көз караштарыбыз менен идеаларыбызды  бекем карманып алсак, башка адамдардын көз караштары менен идеаларын кабыл алуу өтө оор болот. 

Андан соң  төртүнчү  деңгээлде сезимдер менен эмоцияларды бөлүшүлөт. Бул жакшы мамилелерде болуш керек болгон көрүнүш. Биздин сезимдерибиз, шылдыңга алынбаган, четке кагылбаган, жагдайлар болсо бул эң соонун . Бирок көп учурда эле негатив сөздөр айтылып калат, анткени биз сезимдербиз жана эмоцияларыбызды бөлүшкөндө бул нерсе, кабыл алынбай четке кагылышы мүмкүн. 

Акыркы  деңгээл толук эмоцияналдык жана чын жүрөктөн баарлашуу бул жерде ой саналарыбызды, терең сезимдерибизди, коркунучубузду, ызабызды бөлүшө алабыз. Чыныгы биримдик жана чыныгы эмоцияналдык биригүү биз кимдир бирөөнүн алдында, ачык жана ага көп көз каранды учурда болот. 

Жубайлардын маселеси ачыктык менен чынчылдыкка негизделиши керек. Буга жетүү албетте алда канча татаал. Анткени, көп нерсе четке кагылуу коркунучу жаралат.

Көптөгөн түгөйлөр ушул мамиленин деңгээлине жете албай кыйналышат. Бирок бул жерде чыныгы сүйүү бар деп айтылат. Демек, негатив сөздөрдүн келип чыгышы. Биздин буга чейинки баарлашуубуздун терең деңгээлге жетпегенинен болуп чыгышы мүмкүн. Ошол себептен биз балким үйдө олтуруп калган учурду жакшы жакка колдонуп, баарлашуунун кайсы деңгээлинде экенибизди аныктап, эмне үчүн терең дегээлине жете албай жатабыз, бул жөнүндө ойлонуп, буга мен кандай салым кошсом болот, эмнеге биз кайсы бир темаларды терең деңгээлде талкуулай албай жатабыз. Дароо эле урушуп кетип жатабыз, буга эмне тоскоол болуп жатат. Ушул жөнүндө ар бириңер ой жүгүртүп,  мамиленин бекем болушуна аракет кылсаңыздар болот.

Кумара Сагыналиева, Булак: NazarNews.kg

Последние новости