www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Каныбек Туманбаев өзүн иштин көзүн билген, заман талабына шайкеш ой жүгүрткөн жетекчи катары тааныта алды. Ал кайсы тармакта иштебесин, анын иштөө стили тартипке салынган башкаруу, так пландоо жана натыйжага багытталган чечимдери менен айырмаланып келет.

Ошондой эле анын эң башкы дагы бир өзгөчөлүгү жоопкерчиликти моюнга алып, команда менен иштей билүүсү. Кадрдык саясатта да, стратегиялык чечимдерде да прагматикалык жолду тандап, кыска мөөнөттүү эмес, узак мөөнөттүү жыйынтыкты көздөйт. Экономикалык процесстерди терең түшүнгөнү анын ар бир кадамынан байкалат.

Мындай сапаттарды эске алганда, Каныбек Туманбаев бүгүн жөн гана мыкты менеджер эмес, Өкмөттү жетектей турган деңгээлге бышып жетилген жетекчи катары бааланууга толук негиз бар.

Андыктан Жогорку Кеңештин депутаттары шайланып келди. Эми жаңы өкмөттүн курамы бекитиле турган болсо, Туманбаевдин талапкерлигин карап көрүү ашыктык кылбайт эле.

Последние новости