www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түндүк электр” ААКнын боттору эми Facebook, Тelegram жана Namba One мессенджерлеринде кызмат көрсөтүүдө. Ал үчүн сиз аталган тиркемени уюлдук телефонуңузга Google Play же AppStore тейлөөсүнүн жардамы менен жүктөп алып, издөө сабынын жардамы менен “ОАО “Северэлектро” табасыз. Ал жактан чыккан @oaoseverelectrobot ачып, ага “старт” сөзүн жазып жөнөтүшүңүз керек. Электр энергияга болгон эсебиңиздин абалы тууралуу маалымат алыш үчүн абонент өздүк эсебинин номурун гана терип жөнөтүшү абзел. Боттун бул кызматы менен “Түндүк электр” ААКнын Бишкек шаарындагы, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттери колдоно алат.

Эсептен тышкары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун тургундары аталган бот аркылуу электр энергия жоктугу тууралуу табыштамаларды калтыра алышат. Ал үчүн абонент өздүк эсебиңиздин номурун жана уюлдук телефонунун номурун 996 коду менен жөнөтүшү керек.

Мисалы: 340043480-996555000000

Эгерде абоненттин участогунда пландаштырылган иштер жүргүзүлуп жатса, бот билдирменин жообуна электр камсыздоонун үзгүлтүкө учураган себебин жөнөтөт. Ал эми электр энергия башка себептер менен үзгүлтүкө учураса, билдирүү автоматтык түрдө табыштама катары калтырылып, көрсөтүлгөн дарек боюнча электр куроочулардын оперативдүү чыгуу бригадасы ирээт тартибинде жөнөтүлөт.

МААЛЫМКАТ

Ро́бот же бот- бул адамадарга каралган, интерфейстер аркылуу автоматташтырылган же/жана тапшырманын тартиби менен кандайдыр бир аракеттерди аткаруучу атайынкы программа

«Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы   Тел. 33-85-97, факс 33-87-38

se.kgwww.facebook.com/ОАО «Северэлектро», severelectro@mail.ru

Булак: NazarNews.kg

Последние новости