www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Ташкент чуркоо марафонунун катышчуулары Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев, Курсанбек Сыдыков жана аларды сүрөөнгө алган ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров. Ош, Кыргызстан. 27-август, 2018-жыл.

27-августта эртең менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош – Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан.

Алар бул жолу Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымдын 340ын жөө басып өтүшөт. Калган 200 чакырым ашууларга туура келгендиктен автоунаа менен өтүүгө туура келет.

Спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп барат. Алардын ден соолугуна чогуу жүргөн дарыгер такай көз салып турат.

“Достук” марафону Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылат. Аны өткөрүүгө "Мөл булак" микрокредиттик мекемеси, спортту тескеген органдар жана өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости