www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аткезчилик менен алынып келе жаткан түстүү металлдардын партиясы кармалды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
9-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында, чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен Кыргызстандын аймагына түстүү металлдарды алып келүү фактысы аныкталды.
Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан жалпы көлөмү 27 тоннага жакын түстүү металлдарды (жез, латунь, алюминий) контрабандалык жол менен алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.
Алдын ала эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң доллардан ашык болот.
Бул факты боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө (Экономикалык контрабанда) каралган кылмыш белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg