www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 29-февралында КР УКМК жүргүзгөн мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында, КР ТИМ Консулдук кызмат Департаменти менен биргеликте «Алтын Бугу – Золотой Олень» ЖЧКсынын жасалма докмуенттеринин негизинде Кытай эл Республикасынын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксаат берүүчү электрондук виза алынгандыгы боюнча факты аныкталды.
Аныкталгандай, жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош областынын Өзгөн райондук башкармалыгынан, социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен.
2019-жылдын 17-мартында бул факты жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренесинде ( Уюмдардан бюджетке салыкты жана башка милдетүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу ) каралган кылмыш белгилери боюнча катталды.
Чогулган материалдар КР ЭКККК Ош областы боюнча башкармалыгына тапшырылды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.
КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455
Булак: NazarNews.kg