www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаковдун адвокаты элге туура эмес маалымат берип жатат деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:
- Токтакунов УКМК сот аркылуу Сапар Исаковдун жакын туугандарынын мүлкүн камакка алып, конфискациялаганы жатат деп коомчулуктун пикирин башка нукка буруу аракетин көрүүдө. Кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылып жаткан адамдардын мыйзамсыз байыганы боюнча версия да текшерилип жатат. Бул үчүн Токтакунов коргогон адамдын гана эмес, кылмыш ишинин башка фигуранттарынын дагы кыймылсыз мүлкү соттун уруксаты менен каралып чыгат.
Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун кайын атасынын үй мүлкүн баалоо үчүн текшерүүгө уруксат берди. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов сот алардын жүйөсүн укпастан УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн ал жараянга катышпаса деле канааттандырып койгонун билдирген жана муну "саясий буюртма" деп атаган.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайына байланыштуу УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш ишин УКМК козгоп, тергеп жатат.
Булак: NazarNews.kg