www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Керч кысыгында ок аткан Украина аскердик кемелеринин кармалган 24 морягынын Москвага жиберилгендиги билдирилди. Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Крым адам укуктары боюнча жооптуусу Людмила Лубина берген маалыматында Керч кысыгында Орусиянын аскердик кемелери ок аткан Украина аскердик кемелеринин камоого алынган аскердик кызматкеринин абалы тууралуу маалымат берди.

Аскерлердин Москвадагы бир абакка жиберилгендигин белгилеген Лубина : «Бардык Украина моряктары Москвага жиберилди. Симферополдогу абакта бирөөсү да калган жок»,- деди.  Лубина өзгөчө Москва жана Крымдан атайын бир тергөө группасынын да түзүлгөндүгүн айтты.

Кара деңизде Керч кысыгына жакын жерде Орусиянын аскердик кемелери Украианын аскердик кемелерин жээк сууларын бузду  деген негиз менен ок аткан жана  Украина деңиз күчтөрүнө таандык 3 кеменин 24 кызматкерин камоого алган.

Крымдагы Орусия соту Украинанын 24 аскери тууралуу 2 айга камоо чечимин чыгарган. Украина аскерлери тууралуу Орусиянын жээк сууларын бузду деген негиз менен 6 жылга чейин абак жазасынын берилиши кааланууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости