www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный украин аскерлери ушул жылдын август айында оккупацияланган Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик объектилерине ракеталык чабуул жасаганын жарыялады. Бул тууралуу “Укринформ” агенттиги жазганын “Азаттыктын” украин кызматы билдирди.

“Кеп бул жерде душмандын Крымдагы авиабазаларына, биринчи кезекте Саки аэродромуна ийгиликтүү ракеталык соккулар жөнүндө болуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Муну менен расмий Киев Крымдагы орусиялык аскердик объектилерге чабуул жасаганын биринчи жолу моюнуна алды. Буга чейин украин бийлиги жана аскерлери Крымдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Август айында Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик базаларында жана ага жакын аймактарда бир нече жарылуулар болгон.

9-августта Крымдагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан. Ал учурда Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес.

16-августта Крымдагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында да катар-катар жарылуулар болгон

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости