www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 12-февралда Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө карата «Журналисттик иликтөөлөр фонду» тарабынан Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Журналист Улан Эгизбаев быйыл көзү тирүү болгондо 30 жашка чыкмак.

Сыйлоо аземине Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси, жубайы, жакындары, кесиптештери жана активисттер катышты.

Маркумдун апасы Жыпаркүл Сариева эки жылдан бери Уланбекке арналган көп иш-чараларга катышканын, уулунун эмгеги элдин эсинде сакталып кала берерин айтты. 

Картинки по запросу "улан эгизбаев апасы"

Картинки по запросу "улан эгизбаев апасы"Кесиптеши Токтосун Шамбетовдун айтымында, Уланбек Эгизбаев “Чындыктын, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн символун орнотуп кетти, ал азыркы коомго Уландай адилеттүү, таза адамдар абадай керектигин баса белгилейт.

Келгиле, кайдыгерликтен, кенебестиктен качып, келечегинен көптү күттүргөн күнөстүү Кыргызстанды кош колдоп, коколой кызыкчылыкты көздөбөй, консенсуска келели! Кыргызстандын келечеги кыргыздардан көз каранды. Келечек колубузда…

Мына ушундай кыргыздын чыгаан жигити Улан Эгизбаевди кара жер бооруна катты. Улан, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Биз сени эч качан унутпайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости