www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы салынган мектептер дагы бүтпөй турат. Биздин Билим Берүү министрлиги Кыргызстан боюнча сентябрга чейин баардык мектептердин абалын талдап, авариялык абалын эске алып,  жалпы тизмесин бериши керек. Чындыгында билген гана мектептерди айтып жатабыз. Айрым жерлерде мектептердин абалы мындан дагы оор болушу мүмкүн. Ушул жагын эске алып, мектептердин курулуштарын баштап, оңдоп-түзөөнү Курулуш агенттигинен алып Билим Берүү министрилигине өткөрүп беришибиз керек. Ансыз деле Кыргызстаныбыздын карызы чачыбыздан көп. Ушул алынган насыя акча меткептердин курулушуна максаттуу келиптир. Мен суранып кетет элем мектептердеги курулушту сапаттуу курсак. Алсак, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев берген акчасы Ош облусундагы мектептин абалы боюнча тактагыла. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман”, дегендей эл өкүлдөрү айтып эле калабыз, - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов.   

Эске сала кетсек бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишим каралып, эл өкүлдөр арасында талкуу болду. Аталган келишим баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости