www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн, 8-майда медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Републикалык штаб билдирди. 

"Жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды.

Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт",-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.org

Последние новости