www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин жетекчилиги №8 окуу имаратынын абалына доомат коюп, окууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү талап кылган студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Алымбек Бектурганов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда студенттер менен ректордун чарбалык иштер жана окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жолугушуп, №8 окуу корпусу оңдоп-түзөлөрүн маалымдашты:

-Бизге окуу үчүн төлөп жаткан акчабыздын кайда кетип жатканы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле №8 окуу имаратын оңдоп беребиз, ал үчүн тендер өткөрүлөт деп айтышты. Кийинки жумадан тарта окуу корпус оңдоп-түзөөгө жабылат экен. Журналистика факультетинин студенттери экиге бөлүнүп, жарымыбыз 2-окуу корпуста окуйт экенбиз. Ал эми биздин "башкы окуу имаратына көчүргүлө" деген талабыбыз кийинки жылы каралмай болуптур.

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетинин студенттери өздөрү окуп жаткан №8 окуу имараты билим алууга жараксыз экенин билдирип, окууга шарт түзүп берүү жана мурда окуп келишкен башкы окуу корпусуна которуп берүү талабы менен окуу жайдын жетекчилигине кайрылуу жолдошкон.

Улуттук университеттин жетекчилиги окуу жайда аудиториялар жетишпестигин, бул мурдатан эле келе жаткан көйгөй экенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости