www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уу коргошун ичсең эле укмуш болуп кетебиз деп чайнегин көтөрүп жүргөн ден-соолук министри COVID-19га чалдыгыптыр. Биз курчап алып касып жатабыз, президент экөөбүз кайнатып жатабыз деп жатты эле. Убагында айтсак, тирүү элди лабораторияга кармап сыноо кылышкан. ДССУ эскертсе болбой билгенин чалган. Бүгүн башында кылган туура эмес кадамдары өз баштарына тийип, өздөрү чалган боткону өздөрү жеп, азабын тартып жатышат.
Туура эмес кадамдарын туура эмес экенин айтып келген Ж.Молдокматов бүгүн бул бийликтин саясий курмандыгы. Кыскача тизмектеп кетейин:
1. Чекара боюнча туура эмес кылышкан, азабын эл тартты, эл каза болду. Ким жоопкер, ким жооп берет! Чекара боюнча Ж.Молдокматов бекем турган, чындыкты айткан.
2. Электр энергия боюнча арзандата албасын айткан. Кана арзандадыбы? Тескерисинче, "кудайга шүгүр" - деген тариф кошулду.
3. Уу коргошун менен уят болорун айткан.
4. Тышкы саясатты достор тарта албасын, туура эмес кадамдарын тизмектеп берген. Бүгүн тышкы саясат мышык ыйларлык. Мамлекеттик бюджетти коротуп фотосессияга барышууда. Калп десеңер жемиштүү кадамын тизмектеп бергиле...
5. Ханституциясы боюнча кенен айтып берген, бүгүнкү кадрдык саясат, инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетиши, инвесторлордун негизги кепилдиги ХАНСТИТУЦИЯ эмес КОНСТИТУЦИЯ экенин тизмектеп берген.
6. Бийликтин жол картасы жок кетип баратканын айткан. Бүгүн ошон үчүн белгисиз маршрутка түшкөндөй кетип баратабыз. Шоопур белгисиз жака айдап бара жатат...
Айтсак аябай көп. Бүгүн камалган саясатчылар, чиновниктер ошол убакта үн ката албай колтукта жатышып, бүгүн иш козголсо "саясий куугунтук" болуп жатат. Булар туура эмес кылып жатат деп жансоогалап жатат. Бийлик туура эмес кетип баратканын Ж.Молдокматов башында эле айткан.
Булак: NazarNews.kg