www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 миң 400 адамдан ашты. Дагы 3 миң 200дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкө парламентинин төрагасы Хорхе Родригес билдирди.

Учурда убактылуу баш калкалоочу жайларда 3 миң 142 үй-бүлө жайгаштырылды. Куткаруу иштеринин жана урандыларды тазалоонун жүрүшүндө каза болгондор менен жаракат алгандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) баалоосу боюнча, Венесуэладагы жер титирөөдөн жалпысынан 6,76 миллионго чейин адам жабыркашы мүмкүн.

Өлкөгө эл аралык гуманитардык жардам жана куткаруучулар келип жатат. Венесуэланын саламаттык сактоо системасында дары-дармек жана медициналык каражаттар жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

БУУнун маалыматына ылайык, издөө-куткаруу иштерине дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген миңден ашуун адис, анын ичинде издөөчү иттер менен иштеген кинологиялык топтор тартылган.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада акыркы 126 жылдагы эң күчтүү жер титирөө катталган. Зилзала эки жолу болуп, күчү 7,2 жана 7,5 балл болгон.

Последние новости