www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Абайлагыла!», «Мындай кантты сатып албагыла!». Мындай темадагы видеолор социалдык тармактарды каптап кетти. Канттын тартыштыгы жана анын кымбаттыгы, албетте, кыргыз элинин сабырын бир топ сынады. Эми мына бул! Кээ бир шаарларда кыям жасоодо жарандар кумшекерди колдонушкан, бирок кыям илешкек массага айланып, банкадан араң чыгат. Видеонун автору ден соолугуна нааразы боло элек, бирок мындай кыямдын даамын таткысы келген жок.

«Чайга таттуу продукт кошконбуз. Кадимки кантка окшош жана даамы таттуу. Ал эми кыям кандай болуп калды, өзүңөр көргүлө”, - деп нааразы болгон видеонун автору.

Видеонун автору азырынча санэпидстанцияга кайрыла элек, жарандар кумшекер сатып алууда этият болушсун деп видеого тартып, тармакка жайгаштырган. Бирок Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз. NazarNews маалымат агенттигинин редакциясы Айыл чарба министрлигинен комментарий сурады. Канттын сапаты жөнүндө эч нерсе билбейбиз, бул биздин жоопкерчилик эмес дешти министрликтен. Бирок, товар кайдан алынып келинээрин толук айтып беришти.

«Евразиялык экономикалык комиссиянын 2022-жылга карата чечиминин алкагында Кыргыз Республикасына 2022-жылдын 31-октябрына чейин тарифтен бошотуу менен 15 миң тонна квота бөлүнгөн. Башында 31-августка чейин болсо, азыр эки айга узартылды. Ага ылайык, Айыл чарба министрлиги кумшекерди юридикалык жана жеке жактарга бөлүштүрдү. Камыштын чийки канты үчүн «Кайыңды Кант», «Кошой» алышкан. «Кайыңды Кант» 27 миң тонна, «Кошой» ААКсы 22 миң тонна алган. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы материалдык-техникалык резерв фондуна 25 миң тонна бөлүнгөн. Даяр кантты жеткирүүчү ишканалар дагы бар: «Бишкекпродтор», «Союз», «Бай Элим», «Глобал Логистик» ж.б. Жеткирүүчүлөр келишим боюнча бөлүштүрүлөт, алар Индия, Иран, Афганистан, Кытай жана Азербайжандан даяр продукцияларды ташышат. "Кайыңды Кант" менен "Кошой" Бразилия менен Аргентинадан камыш канттын чийкисин ташыйт. Даяр продукциянын сапатын көзөмөлдөө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин функцияларына кирет», - деди КР Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жумабекович.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости