www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Бишкекте эки китептин удаа бет ачаары болду, алар – Таабалды Эгембердиевдин макалалары чогултулган «Оо, дарегим! Оо, карегим!» деген китеп жана «Көчмөн жаратман» деп аталган Таабалды жөнүндөгү эскерүүлөр жыйнагы. Китептер үстүндө 5 жыл бою Таабалдынын жубайы Жаңылсынзат Бердигулова иштеген, ага балдары жана Таабалды бар кезде эле анын ишканасын башкарып калган иниси Жумадыл жардамдашкан.

Өлкөсүнүн чыныгы жараны катары, Таабалды 1980-жылдардын аягында жана 1990-жылдардын башында демократиялык митингдерге катышкан, кийин КДКнын жетекчилеринин бири болгон, андан соң тили курч публицист катары элге таанылган жана андан кийин – экономиканы кантип көтөрүш керектигин иш жүзүндө көрсөтүү максатында «Шоро» ишканасын негизден, андан соң – азыр бүткүл өлкө сыймыктанган «Супара» менен «Чункурчакты» курган.

Бул – жеке демилге канчалык деңгээлге чыга ала турганын көрсөтөт. «Боинг» же «Мерседес» компаниялары дагы жеке менчик, бирок алар менен Америка дагы, Германия да сыймыктанат.

 

 

Последние новости