www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эски бийликти жандаган адамдар Садыр Жапаровдун жанынан дагы пайда болушту. Бул тууралуу легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев  NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 4-мартта билдирди.

--“Садыр Жапаров калыс иштейм деген. Аны жаштар алып келди. Бирок Жапаров алардан кол үзбөшү керек. Биз дагы Армениянын катасын кайталап калбайлы. Жапаровду калың элдин катмары колдоду. Ошондуктан, аларды колдоого алып, иштейбиз дегенин иштетип, мамлекетке колдонуш керек. Коомдо кандай пикир болуп жатат деп тегерегине көз чаптырып, анализ жүргүзүп турушу зарыл. Эски бийликти жандагандар анын дагы жанында пайда болушту. Кошоматчыларга азгырып, туура эмес кадамдарга барып алышы мүмкүн. Андыктан коомчулуктын үнүн угуп, алардын пикирлерин эске алуу менен иштесе туура болот”, - дейт Жамин Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости