www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"UFС" чемпиону Хабиб Нурмагомедов бүгүн, 3-августта Кыргызстанга келди.
Мушкер өлкөдөгү видеолорун өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык "Eagle Fighting Championship" (EFC) боюнча аралаш мушташ мелдеши биринчи жолу Кыргызстанда өтөт. Негизги кармашта учурдагы лиганын чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) Бусурманкул Абдибаит уулуна (Кыргызстан) каршы титулун коргойт. Беттеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт. Ага атайын конок, уюмдун президенти, жеңилбеген "UFC" уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов катышат.
Белгилей кетчү нерсе, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал Кыргызстанда атактуу экенине таң калган.
Булак: NazarNews.kg