www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынан чыгып келе жатып, журналисттерге ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу “Баягы жомок, Баткен...” деп комментерий берди.
Шектүү статусуна илинген депутат Мадумаровду Биринчи Май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароого алып кетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаровду ИИМ суракка алып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Мадумаров "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" иши боюнча суракка алынып кеткен.
Эске сала кестек, Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн тергөө жүргүзүүгө уруксаат берүү сунушун парламент каникулга чыгаар алдында колдоп, эл өкүлү кол тийбестик укугунан ажыраган.
Булак: NazarNews.kg