www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин тургуну Саидраим Абдилатов уулу Кимсанбайга карата козголгон кылмыш ишинин объективдүу тергелишин талап кылып Бишкекке жөө келатат. Алтымыш үч жаштагы Саидраим аксакалдын жолдо келатканына 4 күн болду. Ал Кызыл-Кыя шаарынын милициясынын начальниги Аким Жусуповду жана тергөө бөлүмүнүн башчысы Кемербек Бердиевди жумуштан бошотууну талап кылууда.

Айтымында, милиция башчылары анын уулун адам өлүмү коштогон жол кырсыгына айыптуу кылышууда.

“Менин уулумду 26-августта Караван айылында болгон жол кырсыгына айыптап кармап кетишти. Балдарым ал түнү Кызыл-Кыяга барып, эрте менен Баткенге кайтып келишкен. Бирок, алар Караванга киришкен эмес, унаасы таптаза болчу. Ага карабай, милиция күбөлөрсүз, далилсиз эле менин уулумду айыптап жатат. Биз жол кырсыгы болгон жерге жакын жердеги видеожазууну карап көрдүк, ал жерде ак “Жигулилер” өтүп жаткан. А мындай унаа милициянын начальнигинин өзүндө бар. Ошондуктан, мен Кызыл-Кыянын милициясынын начальнигин жумушунан кетишин талап кылам”, - дейт Саидраим Абдилатов.

Ал адилеттикке жетмейинче үйгө кайтуу ниети жок.

“Мен Бишкекке чындык издеп баратам. Менин уулума кылбаган кылмышты жамап жатышат. Мен акыйкаттыкты тапмайынча үйүмө барбайм. Кыш болобу, жаз болобу жүрө берем, өлсөм ошол жакта өлөм. Жок дегенде менден кийин чындык жашаар”, - деген аксакал сапарын улоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости