www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январда Бразилиялык спортчунун уюмдагы алгачкы беттеши  Американын Инглвуд шаарында өттү.

Анын атаандашы Bellator промоутерлик компаниясынын орточо жеңил салмактагы чемпиону, канадалык мушкер Жулия Бадд болду.

Сайборг беттеш башталганда эле күчтүү экендигин көрсөттү. Натыйжада төртүнчү раундда атаандашын техникалык нокаут менен жеңди

34 жаштагы спортчу ММА тарыхында эң көп наам алган мушкер болуп калды. Ал Bellator лигасынан тышкары Strikeforce, Invicta FC жана UFC курларын тагынган.

Эскерте кетсек, Сайборг UFC уюмунан президенти Дана Уайт менен пикир келишпестиктер жаралганда кетип калган.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости