www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын аймагында суу каптаган жерде бир гана мечиттин аймагына суу кирбегени тууралуу сүрөттөр жана видео тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

Анда көптөгөн колдонуучулар аталган сүрөт, видеолор менен бөлүшүп, "жараткандын керемети" деп жазып чыгышып, видеосу менен бөлүшүшкөн.

Көп өтпөй интернеттин казак сегментинде окуя болгон жерден жаңы сүрөттөр тараган. Анда айтылып жаткан мечитти да суу каптаганын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары мечит кичине дөңсө жерде жайгашканына байланыштуу суу анын аймагын кичине кечирээк каптаганын айтса, бириси баштапкы сүрөттөр жөн гана мотаждалганын жазып чыгышкан.

Жергиликтүү телеканалдардын биринде да мечиттин аймагын суу каптаганын асмандан тартып көргөзүшкөн.

 

1-майда Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын бузулушунан улам суу ташкынынан жабыркаган Казакстандын Түркстан облусунун жашоочулары Өзбекстандан 100 миң теңге (болжол менен $ 240) алышат, деп билдирет Өзбекстан республиканын өкмөтүнүн сайты.

Казакстандын Түркстан облусунун тургундары да жабыркагандыктан, өзбек тарап жоопкерчиликти моюнга алууга убада берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости