www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ынтымак менен биримдик бар жерде иш илгерилеп, ийгиликтер жаралары турган иш. Биз төмөндө сөз кыла турган жигиттердин командасы - Свердлов РИИБге караштуу №6 шаардык милиция бөлүмүнүн №13 аймактык пунктунун кызматкерлери да ынтымакты туу тутуп, эл кызматында келишет.
Белгиленген күнү барып, гезитибиздин жогоруда аталган каармандарын таппай калдык, көрсө таңга маал айгай менен өздүк курам көтөрүлүп, шаар четине окуу-машыгууга жөнөп кетишиптир. Эртеси кайрадан барып, кадимки контейнерде жайгашкан №13 милициянын аймактык пунктунун каалгасын кактык. Кызматкерлер бизди жылуу тосуп алышты. Эң маанилүүсү, алардын олтурган жайлары жылуу экен. Кышында ысыта турган, жайкысын ысыкта муздата турган кондиционерлерин байкадык. Компьютер, ноутбук менен камсыз болушуптур, дубал бетинде милиция кызматына тиешелүү жазуулар илинип турат. Бир гана бөлмөнүн күңүрттүгү болбосо, орусча айтканда «уют» бар экен. Жетекчилик тарабынан көңүл бурулуп, иш бөлмөнүн ичине жаркыраган атайын жарык бергичтерди орнотуп беришсе абдан сонун болмок экен деп койдук.
Ал-жай сурашып алган соң, аткарылган иштерге көңүл бурдук. Аталган милициянын аймактык пунктунун кызматкерлери бүгүнкү күнү Сввердлов районундагы төмөнкү аймактарга чейинки аралыкты: түндүк тарабынан Жибек-Жолу көчөсүнө чейин, чыгыш тарабынан Осмонкул, батыш тарабынан Абдрахманов жана түштүк тарабынан Чүй проспектине чейин тейлеп келишет. Аймакта 4050 батирди камтыган 56 көп кабаттуу үйлөр, 390 жеке үйлөр жайгашкан. Калктын саны 15, 654 адам. Аталган ар бир аймак 5 административдик тилкелерге бөлүнүп, алардын ар бирине өзүнчө милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү бекитилген. Бүгүнкү күнү милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, милициянын ага лейтенанты Темирлан Жекшеналиев, милициянын ага лейтенанты Нурсултан Жумабаев, милициянын лейтенанты Илгиз Дыйканов, милициянын кенже лейтенанты Нурбек Молдакматов жана сержант Манас уулу Абылгазы өз милдеттерин так аткаруу менен, кварталдык, үй комитеттери, Аксакалдар соттору менен бирдикте кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүп келишет.
Кызматкерлердин иш күнү саат 8:30да эртең мененки нускамалоого катышуу менен башталат. Саат 9да төшкө тагылган камераларды күйгүзүү менен белгиленген жумуштарына кирише башташат. Түштөн кийин бөлүнгөн административдик аймактарды кыдыруу, эл менен жолугушуу, алдын алуу иштерин жүргүзүү, кайгуулга чыгуу ж.б. сыяктуу иш-аракеттер улантылат. «ЦУМ», «Берен-Голд», «Red Centre», соода борборлору, «Хаят», «Достук», «Дамаск» мейманканалары, кафелер ж.б. аталган кызматкерлер тейлеген аймактарда жайгашкан, андыктан ал жердеги коопсуздукту сактоо да көңүл сыртында калууга мүмкүн эмес. Аталган аймакта өткөн эки ай ичинде 60 материал катталса, анын ичинен 36сы кылмыш иши, 24 фактысы жорук катары катталган. 14 кылмыш ишинин бети ачылып, 7 кылмыш иши кыскартылган. Калган кылмыштардын үстүнөн иликтөө иш-аракеттери жүрүп келет.
Аймактагы негизги көйгөй жараткан жер-аянттагы түбөлүк оттун тегереги экен, анткени кышкысын бул жер туруктуу жашаган жери жок жарандардын сүйгөн жерине айланып, ага кошумча түнкүсүн тоноо иштери көп катталат экен. Мисалы, февраль айынын ичинде эле 9 тоноо иштери катталган. Бул көрүнүштүн алдын алуу максатында бул жерге байкоочу камераларды орнотуу боюнча мэрияга сунуш да берилиптир. Дагы бир көйгөй жараткан маселе уурулук экен. Аймакта жайгашкан борбордук мечитке жума сайын жарандар Кудайга сыйынып, намаз окуп, тилегин айтып келишсе, котур ташын койнуна каткан айрым жарандар ыйман жолунан тайып, мечиттин ичинде уурулук жасашканы акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Мына ушул жагдайларды эске алган милиция кызматкерлери жума күнү дайыма мечитте кароолдо турушат экен…
«МИЛИЦИЯ ЖАШООМДУН БИР БӨЛҮГҮ, КЕСИПТЕШТЕРИМ-ЭҢ ЖАКЫН АДАМДАР»
Ынтымакты туу тутуп, бирдиктүү иш жүргүзүп келе жаткан бул жигиттердин командасынын башында милициянын ага лейтенанты Темирлан Жекшеналиев турат. Темирлан ата жолун уланткан жигит, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган соң, эмгек жолун тергөө кызматында баштап, төрт жыл эмгектенген. Атасы сындуу сот болгусу келген Темирлан, башка укук коргоо органдарына караганда милициянын тергөө линиясы практикасы абдан күчтүү мектеп экенин белгилейт. «Милиция менин жашоомдун бир бөлүгү, кызматыма жан дилим менен берилип иштейм,-деди командасы тууралуу кеп козгогон Темирлан мырза,-жашоомдун акыл-эс толгон курагынын көп бөлүгүн милицияда өткөрүп келем. Жанымдагы кесиптештерим менен үй-бүлөмө караганда көбүрөөк бирге болом. Кесиптештерим- жашоодогу эң жакын, ишенимдүү адамдарым, менин командам. Эч качан ара жолго таштап кетишпейт, кандай кырдаал болбосун, дайыма жанымда болушат. Антка бек турган, мыкты жигиттер!»
«БАЛДАРЫМ «АТА, БҮГҮН ҮЙГӨ КЕЛДИҢИЗБИ?» ДЕП ТЕЛЕФОН ЧАЛЫШАТ
Команданын кийинки мүчөсү милициянын кенже лейтенанты Нурбек Молдакматов. Темирлан сыяктуу Нурбек да ата жолун жолдогон жигит, атасы Мирбек Молдакматов 25 жыл ИИОдо талыкпай кызмат өтөгөн инсан. Ички иштер органдарындагы эмгек жолун Нурбек 2013-жылы кайгуул-күзөт кызматынан баштаган. 6 жылдан ашуун турмуштун чоң мектебинен сабак алып, түрдүү кырдаалдарда такшалуудан өткөн Нурбек Молдакматов үчүн азыркы кызматы жаңылык деле эмес. «Алгач бир аз кыйналганым болбосо, ишимди өздөштүрүп кетүү оңой эле болду. Милициядан өзүмдү таптым деп эсептейм. Кызматымда татыктуу эмгектенип, элимдин керегине дайыма жарап жүрсөм дейм. Милиция мен үчүн –бардык нерсеге барабар. Көп убактыбыз дал ушул кызматыбызда өтөт. Балдарыбыз уктап жатканда үйгө барып, алар уктап жатканда үйдөн чыгып кетебиз. Балдарым кээде телефон чалып: «Ата, бүгүн үйгө келдиңизби?» деп айтышат. «Келгем, сен уктап аткан турбайсыңбы..»,-деп коем. Бир жумада бир эле жолу үй-бүлөбүз менен чогуу болобуз, ошол үчүн бош убактымдын баарын балдарыма арнаганга аракеттенип келем»,-дейт ой-толгоолору менен бөлүшкөн Нурбек Молдакматов.
«КЕЛЕЧЕКТЕ ГЕНЕРАЛ БОЛГУМ КЕЛЕТ»
Ал эми милициянын лейтенанты Илгиз Дыйканов мектепте окуп жүргөн кезинде «Милициянын жаш достору» уюмунун активдүү мүчөсү болгон экен. Марш тепкенди, саптык катарда басканды Илгиз тээ окуучу кезинде эле өздөштүрүп, патриоттук сезимге чулганып өсүптүр. Ошентип жүрөктөгү аруу кыялынын артынан ИИМдин Академиясына тапшырып, 2019-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун жашы жете электер менен иштөө боюнча тескөөчү болуп баштаган. «Милициянын бардык кызматында иштеп, өзүмдү сынап көрөмүн деген алдыма максат койгом,-дейт ой-толгоолору менен бөлүшкөн Илгиз,-жаш балдар менен иштеп жүрүп эл алдында сүйлөөнү үйрөнсөң, чоң кишилер менен иштеп жүрүп, эл менен мамиле түзүүнүн сырларын үйрөнүп жатам. Келечекте генерал болууну самап келем…»
«БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМ ОРУНДАЛДЫ…»
Милициянын сержанты Манас уулу Абылгазы ички иштер органдарындагы эмгек жолун ИИМдин Атайын багыттагы полкунан баштаган. Бул кызматка орношконуна аз гана убакыт болсо да, милициянын улук аймактык өкүлдөрүнөн үлгү алып, өз ишин мыкты өздөштүрүүгө аракети күч. «Милиция болуу-менин бала кездеги кыялым болчу, минтип самап жүргөн максатыма жеттим. Бийик наамдарга жетип, мекеним үчүн, элим үчүн ак кызматымды арнай берем деген тилегим бар»,-деди милициянын аймактык ыйгарым өкүлү Манас уулу Абылгазы.
Ы. Сагымбаева
Булак: NazarNews.kg