www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 

Аталган адамдар турак жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен жарандардын батирлерине мыйзамсыз кирип, акча талап кылышкандыгы аныкталды. 

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголду. 

Иликтөөнүн алкагында төмөнкүлөр кармалды: 1995-жылы туулган К.Ж.; 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж.; 1995-жылы туулган С.А.А. Кармалгандардын бардыгы мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган адамдар Бишкек шаарынын аймагында 15 дарек боюнча ушундай эле аракеттерди жасашкан. Мыйзамсыз аракеттерден келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. 

Мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддорун аныктоо боюнча андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

 

Последние новости