www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда 633,8 миллион сомго бааланган нашаа баңгизаты кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында оогган тектүү баңгизаттарды жеткирип-тараткан баңги топторунун ишине бөгөт коюлду.

Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды таратуу жөнүндө маалымат боюнча узакка уланган даярдануунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак убакыт бою баңгизаттарды сатуу менен алектенгени аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

23-июлда саат 20:40 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракети учурунда үч адам кармалган: 1991-жылы туулган А. уулу Э., 1981-жылы туулган Т.К. жана 1981-жылы туулган Н.И. Алар "ВАЗ-2107" жана "ВАЗ-2106" үлгүлөрүндөгү 2 жеңил унаа менен келип, алардын ичинен ооган тектүү нашаа (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 килограмм 29 граммды түзгөн

Шектүүлөр КР ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде кармалып, Аксы районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган нашаа көмүскө базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөгөн.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости