www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда жарандык никедеги аялын өлтүргөн деп айыпталган адам 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук соттун өкүмүндө айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жубайлар кафеде иштеп, ошол жерде жашап келишкен.  Айыпталуучу окуя болгон күнү аялы уктап жаткан бөлмөгө келип, тамагына бычак такап, көчөгө сүйрөп чыгып, андан соң бир нече жолу бычак сайган.

«Кафенин ээси жардам чакыргычакты ал адам качып кеткен. Биринчи инстанция айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбой, ал облустук сотко арызданган. Кайрылууда жактоочу менен соттолуучу кылмыш кызганычтын негизинде жасалганын көрсөткөн. Аны мындай кадамга маркум өзү түртүп, телефонун атайын бөгөттөп койгонун билдирген.  Мындан тышкары, арызда И.А. аялынын башка эркектер менен жакшы сүйлөшүп жатканын көргөнүн айткан. Окуя болгон күнү айыпталуучу аялын өлтүргүсү келбегенин, аны үйүнө кайтарууну көздөгөнүн билдирген. Жактоочу тарап айыптоо корутундусунан “өзгөчө мыкаачылык менен” деген пунктун алып салууну суранган, анткени айыпталуучу аялдын денесин өрттөп же кескилеп салган эмес деп эсептейт”, — деп айтылат өкүмдө.

Документте белгиленгендей, экинчи инстанциядагы соттук териштирүүдө соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган.

Анын айтымында, кылган ишине өкүнүп жатат. Жабырлануучунун өкүлү кылмыш кокусунан болушу мүмкүн эместигин, анткени соттолуучу аялга 22 жолу бычак сайганын билдирди.

Жыйынтыгында облустук сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырып, айыпталуучунун арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Последние новости