www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даана “комиктердин” өлкөсүнө айландык. Чоң соода түйүнүндө энеден туума жылаңач болуп биз гана баса алабыз, милиционердин артынан биздин жаран гана “ой мама мент на меня газует” деп обон созо алат.

Анан...анан биздин чиновниктер эле жаңы жылга 45 күн калганда алдын ала балатыны орнотуп салат. Күлкүң келет тимеле. Дегенибиз, Ысык-Көл облусунун облусттук борбору Каракол шаары. Эми жаңы жылга дагы туура бир жарым ай бар. Аталган шаардын бийлиги жаңы жылдык балатынын каркасын 14-ноябрда эле орното баштаган. Ал балатыны калаа жетекчилиги 2017-жылы 1 млн.сомго сатып алышкан. Бийиктиги 21 метрди түзөт. Ошентип өлкөдөгү эң алгачкы балатыны орноткон Караколдун шаар бийлиги “шамдагай” наамында “Кыргызстандын гиннес” китебине кирип отурат.

Буга жакында Ак-Суу, Караколдо 40-50 см кар жаап, аба-ырайынын таасири Каракол мэриясынын кызматкерлерине катуу тийип, магниттик толкундар организмдеги өзгөрүүлөргө алып келгенби деп эле ойлоп, отуруп калдык.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости