www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ 7-майда Улан Примовдун төрагалык кылган депутаттык комиссиянын жыйыны ММК өкүлдөрүн киргизбей жабык өттү. Анда:"Депутаттык комиссиянын корутундусу даяр, бирок айрым мүчө депутаттар "сунуштар бар" дегенинен алардын сунушун угуп, талкууладык. Жыйынтыгында корутундуга алардын да сунушун киргизе турган болдук. Депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетиптир деген жаңылыштык, андай болгон жок, баарыбыздын пикирибиз бир.
Бүгүн толуктоолорду киргизип, эртең депутаттык комиссиянын 12 мүчөсүнүн бардыгы кол коюп, жыйынтык даяр болот. Бул маселе бир же эки эле адамга тиешелүү эмес. Көлөмдүү иш болгон, артында канчалаган министрлер, энергетика тармагындагы жетекчилер иштеген. Депутаттык комиссиянын корутундусунда тиешеси бар адамдардын бардыгыньш аттары камтылат", - деди Примов.
Эскерте кетсек 2-майда ЖЭБ окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна анын айрым мүчөлөрү кол коюудан баш тартышканы белгилүү болгон.
Булак: "Фабула"