www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндө Кудайды өтө көп оозанган ажо болду. «Мына Кудай турат» деген сөздү көп колдонду. Анан дагы ал «мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы жылдарын бизде үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбосу үчүн, мамлекетибизде демократия болушу үчүн жумшадым», - деп көп айтты.

Бирок, ал бийликтен кеткенден кийин көптөгөн маселелер ачыкка чыкты. Көрсө, анын убагындагы бийлик коррупция менен тандоо жолу менен күрөшүптүр. Ал эми үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен күрөшүү жөн гана сөз жүзүндө болгон тура. Эгерде биз алты жыл бою А. Атамбаевди тегеректеп жүргөндөрдүн тизмесине үңүлө турган болсок, анда ал өзүнүн айланасына жалаң жакын адамдарын жана туугандарын топтогонун көрөбүз. Андыктан Атамбаевдин кланы үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан алдаканча кооптуу жана коркунучтуу болуп чыгакелди. 

Андыктан биз төмөндө экс-президенттин кландык башкаруусунун тизмесиндегилерди чагылдырабыз.

Биринчи кезекте эле Атамбаевдин «серый кардиналы» атыккан Икрамжан Илмиянов турат. Ал Атамбаев бийликке келгенге чейин жөн эле шоопур болуп келген болсо, андан кийин КР Президенттик аппаратынын 1-орун басары кызматына чейин көтөрүлдү.

Болот Сүйүнбаев – УКМК төрагасынын орун басары рангындагы тобокелчиликтерди анализдөө жана божомолдоо кызматынын директору кызматын ээлеп турат. Ал өтө узак жылдардан бери, А. Акаевдин доорунан тарта А. Атамбаевдин жеке жан сакчысы болуп келген.

Абдил Сегизбаев – УКМК төрагасы. Убагында туңгуч ажо А. Акаевдин маалымат катчысы болгон. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин адегенде А. Атамбаевдин жардамчысы, андан кийин кеңешчиси болгон.

Улан Исраилов – мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. А. Атамбаевдин жеке жан сакчыларынын бири болгон. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын начальниги кызматын да аркалаган. Ал жактан ИИМдин жашыруун башкармалыгынын начальниги кызматына которулган. Андан кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчылыгына барган. Учурда ИИМ министри.

Дамир Мусакеев – УКМКнын 9-кызматынын начальниги кызматынан жакында эле бошоду. Ал дагы А. Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон.

Асел Кодуранова – Жогорку Кеңештин 4 жана 6-чакырылыштарынын депутаты, вице-спикер. «Кыргыз телеком» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү. Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болгон. Атамбаевдин катчысы болуп да иштеген.

Албек Ибраимов – А. Атамбаевдин таразачысы болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөт аны «Бишкек» СЭЗине башчысы кылып дайындайт. Бир жылдан кийин «Дастан» заводунун жетекчиси болот. 2012-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары. «МАМ» ААКнын төрагасы. Учурда Бишкек шаарынын мэри.

Индира Жолдубаева – КР президентинин аппаратынын укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин ошол эле аппаратта сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болот. Анан түз эле Баш прокурорлук кызматка келип калган. Убагында Атамбаевдин консультанты болгон.

Улугбек Марипов – убагында Атамбаевдин жардамчысы болгон. Анан КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Кадыр Токтогулов – А. Атамбаевдин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы болгон. Андан түз эле АКШга элчи болуп кеткен.

Фарид Ниязов – 2011-жылдагы президенттик шайлоодо А. Атамбаевдин штабын жетектеген. 2011-2015-жылдары президенттин кеңешчиси, 2015-жылы КР президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган. Андан кийин кайра Атамбаевдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болгон. 2017-жылы анны Атамбаев «мыкты вазир» деп атап, 2-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Айбек Калиев – башында эле айтып коелу, булл Атамбаевдин жакын күйөө баласы. Убактылуу өкмөттүн аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти, КР президентинин аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти, өкмөттүн аппаратында эксперт, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, экономика министринин орун басары, 2016-жылы КР өкмөтүнүн алдындагы улуттук энерго холдинг компаниясынын директору болуп дайындалган.

Эркин Асрандиев – булдагы жакын күйөө баласы. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы.

Алымбай Султанов – кудасы. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Наркотиканы көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болгон. Учурда ал ОДКБнын генералдык катчысынын орун басары, бир уулу Семетей Султанов КР футбол федерациясынын президенти, экинчиси Уланбек Султанов Октябрь РИИБнин начальниги болуп иштейт.

Семетей Султанов – кичүү күйөө баласы. Жогоруда белгилегендей КР футбол федерациясынын президенти.

Алмазбек Чолпонкулов – улуу күйөө баласы. «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын төрагасынын орун басары. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү.

Мына ушул тизмени карап көрсөңүз, А. Атамбаевге жакын эмес бир дагы караанды көрбөйсүз. Баардыгы эле же анын жансакчылары же катчылары, жардамчылары, шоопуру, күйөө балдары, кудасы болуп чыгат. Ошондо ал үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен күрөшкөн болобу, же тескерисинче анын формасын бир аз өзгөртүп эле бекемдеген болобу?

Маалымат http://telegra.ph/Kyrgyzstandy-syzga-oturguzgan-ATAMBAEVdin-klany-04-05 баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости