www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп катталды. Мындай чечим 9-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) жыйынында кабыл алынган. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Ибраевге Осмонбек Артыкбаевден бошогон мандат тийди. Артыкбаев депутаттыктан соттун чечими күчүнө киргенине байланыштуу ажыратылды.

КСДПнын талапкерлер тизмесинде Ибраевге чейин эки адам - Чынара Урумкалиева жана Дүйшөн Ирсалиев бар болчу. Бирок Ирсалиев өз арызы менен тизмеден чыгып кетти, ал эми Урумкалиева жөнүндө маселе гендердик талаптан улам каралган жок.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов:

«Конституциялык мыйзамдын талабына ылайык, аял киши кетсе мандат аял талапкерге берилет, эркек кишинин бош калган мандаты эркекке өткөрүлүп берилет дегендиктен мандат тизмеде турган кийинки эркек талапкерге берилди», - деп түшүндүрдү.

Ибраев 55 жашта. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында да КСДПдан депутат болгон. Кийин парламенттин аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Артыкбаев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости