www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыштак айыл округунун башчысы Шарабидин Капаровго нааразылык билдирген ушул аймактын жашоочулары Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мырзакеримова Бишкекте Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын алдына митингге чыгышты.

Алар жергиликтүү бийлик органынын жетекчиси алардан акча сурап жер тилкесин бербей жатканы тууралуу даттанышууда. Аялдар президенттен Капаровго чара көрүүнү жана жер бөлдүртүп берүүнү талап кылып жатышат. Колуна плакаттарды кармагандар эгер талаптары орундалбаса өздөрүн өрттөй турганын эскертишти.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын бул тургундары быйыл апрелде жогорудагыдай талаптары менен Бишкек шаарына жөө жөнөшкөн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын маселеси чечилерин айткандан кийин жүрүшүн орто жолдон токтотушкан эле.

Айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаров болсо ишмердүүлугүн сындаган тургундарды «жалган жалаа жапты» деген жүйө менен сотко берген. Ал соттон «кадыр-баркыма доо кетти» деп, өзүн сындаган эки аялдын ар биринен бир миллион сомдон өндүрүп берүүнү суранган.

Последние новости