www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин атын өзгөртүү сунушталды

Парламенттин экс-депутаты Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Конституциялык конференция учурунда билдирди.

Исаковдун айтымында, башка өлкөлөрдүн парламентинин өз аттары бар. Мисалы, Казакстанда аны Мажилис деп аташат, бирок биз (Верховный совет) кыргызчага которуп, (Жогорку Кеңеш) ошол бойдон калды.

Мындан тышкары, Исаков эки палаталуу парламентти кайтарып берүүнү сунуштоодо.

“Башка өлкөлөрдө депутаттар жана аткаминерлер эл үчүн иштешет. Эгерде алар иштей албай калса, анда кызматтан кетишет. Бизде атасынан калган креслону кармашат. Ошондуктан, биз өз депутаттарыбызды элден шайлашыбыз керек. Кечээ алар эки палаталуу система өзүнүн пайдалуулугун эскирип, иштебей жатат деп айтышты. Бирок бул системадан бир гана жакшы жактарын алалы”, – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости