www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасыныны Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Министр 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдары тарабынан иштер күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек”, - деп Сооронбай Жээнбеков милициянын иши мыйзамга гана негиздениш керек экендигин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы ИИМ системасында коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловдон алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу ыргагын басандатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.
Булак: NazarNews.kg