www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири кредиттерди алгандардын арасында бир катар ишканалар көрсөтүлгөн, алардын ичинде Жоомарт Оторбаев колдоп келген «Жибек-Жолу» АК бар. «Жалал-Абадда балдар азык-түлүгүн иштетүү боюнча жабдууларды алуу жөнүндө»  «Жибек Жолунун» генералдык директору К. Темирбаев кол койгон келишим туралуу кеп болмокчу.

Тергөө иш кагаздарына таянсак, ал афёра, биздин мурунку жердештерибиз, бир тууган – Толстуновдор, Вольф деген бирөөнүн ортосундагы келишимге ылайык, долбоордун наркын жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө айтылат. Долбоордун наркы 13 млн. 718 миң 020 АКШ долларына көбөйтүлгөн. Ага участканын жана басым берүү датчигинин жаңы наркы кошулган. Бул маалыматтар ANDRE&CIE S.A. LAUSANE расмий катынан алынган.

ANDRE&CIE S.A. LAUSANE документтерин карап жатып, мен С. ТОЛСТУНОВдун жана А. БАРСКИЙ деген кыраандын атына жолдонгон дагы бир кат жүрөт. Болжолдуу коррупционерлердин дареги документте: Наглерштрассе 1-2-13 10-10 Вена, Австрия деп көрсөтүлгөн. Бирок, Келишимдерге кол койгон адам Австрияда эмес да...

Бул «Гималай» минералдык суусун жана балдардын азык-түлүктөрүн чыгаруучу заводдун курулушу үчүн жабдууларды алууга заказ берген документтер болгон жана бул үчүн 18 млн. 600 миң АКШ доллары алынган. Буга 13 млн. 718 миң 20 АКШ доллары кошулган. Кыргызстан элинен Толстуновдор тарабынан канча уурдалгандыгын эсептөө анчалык деле кыйын эмес. Бул сумма 32 млн. 318 миң 20 АКШ долларын түзөт. Документтерге караганда, эгерде  жаңылышпасак, кеп бир тууган Толстуновдордун наамына которулган 33 миллион АКШ доллары жөнүндө болуп жатат.

Кыргыз Республикасы Толстуновдордун карызы үчүн өзүнүн алтын запасы менен төлөп берип олтурат. Ал эми ошол убакта Толстуновдор менен Акаевдин кичүү кызы Венада алтын сатып байып жатышканы жөнүндө жазышканы бекеринен эмес. Бул эми башка өңүттөгү кеп. Эми КРнын Улуттук Банкынын КРнын ЖКнин эл өкүлдөрүнүн жыйынындагы токтомуна карата билдирүүсүнөн цитата келтирейин:

«…Гималай» минералдык суусунун жана балдардын азык-түлүктөрүн чыгаруучу заводдун кыйраган курулушу. 2000-жылдардын башында Толстуновдор, өзүнүн кайра эле Жоомарт Оторбаев менен туугандык байланыштарын колдонуп «Гималай» минералдык суусун өндүрүү үчүн Кыргызстандын түштүгүндө завод куруу максатында Швейцариядан 18 600 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү кезектеги чет элдик насыяны алышкан. Насыя Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен берилген».

Жогорку Кеңеш КРнын Улуттук Банкынын арызын кошумча чыгымдарды эсепке албастан карап чыккан. Бул кокустукпу же атайын жасалганбы, ал жөнүндө олуттуу иликтөөлөрдү жүргүзмөйүн биле албайбыз. Жана бул бир тууган Толстуновдордун бир гана коррупциялык долбоору жөнүндөгү маалымат.

Алдым-жуттум бир тууган Толстуновдордун мүмкүн алдамчылык жана коррупциялык махинациялар менен көп миллиондогон капиталды жасаган бир нече алдамчылык «долбоорлору» жөнүндө материалдар мындан ары дагы чыгат. С.Толстунов сатып алган эң эле арзан оокат – бул ал жашаган үй жана аялы экөө жүргөн автоунаа болушу ыктымал.

Айтмакчы, мамлекетке келтирилген зыян 33 миллион доллар деп, тергөө документтерде бакандай болуп соройуп турат. Демек, бул иш толугу менен тергелип, аягына чыгып, 33 миллион доллардын жок дегенде теңи бюджетке түшпөсө: Бийлик коррупция мменен күрөшпөй эле өз кызыкчылыгын кубалап, оозун тыя албай, элди алдап жатат», деген кептер көбөйө берет.

Бийликке келгенден баштап эле, Садыр Жапаров мурдагы мекендештер тарабынан уурдалып жана чет жактарга чыгарылып кеткен акчаларды өлкөгө кайтаруу үчүн бардык аракеттерди жасай турганын жарыя кылган эле. Эл ага олтурган жерлеринен, мындайча айтканда, тура калып кол чапкан эле.

КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал жетектеген мекеменин карамагында коррупциялык иштердин чыркыраган фактыларына далилдер бар экендигин түздөн-түз билдирген. Ошондой эле Камчыбек Кыдыршаевич жеке адамдар тарабынан насыялык акчаларды чет өлкөлөргө чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемалар ашкерелегендигин дагы жарыялаган.

«…УКМКнын антикоррупциялык кызматы КРнын жогорку мамлекеттик органдарынын кызматтык адамдары чет элдик банктардын өкүлчүлүктөрү менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, насыя каражаттарын алуу жана аларды сыртка чыгаруу боюнча жемкорлук схемаларын уюштурушкандыгы тууралуу далилденген фактылар бизде бар», деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы аркылуу: «Тамак-аш, жеңил жана фармацевтикалык өнөр жайды, тоо кен тармагын, таштандыны иштетүүчү заводдорду, ишканаларды куруу шылтоосу менен чет элдик банктардан КРнын Өкмөтүнүн кепилдиги менен насыя алып турушкан. Жогоруда белгиленген убакытта жалпы суммасы 1 млрд долларга жакын каражатты түзгөн 40тан ашуун насыя алынган», - балч этип жарыя кылып салбадыбы...

Бирок, бийликтин эң жогорку тепкичтериндеги шумпайлардын колдоосусуз бир да тыйын сыртка кетмек эмес, деген тыянакка келип, убагында бийликте турган Акаевдин тегерегиндеги шылуундарынын «крышалыгы» астында жасаган коррупциялык иштери туурасында кеп кылмакчыбыз. Андыктан, кайрадан УКМКнын басма сөз кызматынын  билдирүүсүнө кайрылсак.

Эмесе, УКМнын басма сөз кызматынын маалыматында төмөндөгүдөй айтылат: «Тергөө документтерине ылайык, күрөө милдеттенмеси катары эл аралык банктарга республиканын алтын-валюталык резервдеринин бөлүгү алынган насыялардын суммасына берилген. Алынган каражаттар республикага түшпөгөндүгү, чет элдик банктардын эсебине которулуп турганы далилденген. Жыйынтыгында ишканалар-кредит алуучулар кудуретсиз (банкрот) деп таанылган жана жоюлуп кеткен, ал эми чет элдик банктар күрөөдөгү алтындарды алып турушкан. Ошондой эле, тергөө тарабынан «айрым кредиттерди бүгүнкү күнгө чейин мамлекет төлөп жатканы» аныкталган – цитатанын соңу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости