www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдыз белги жана секс

Адамдын жылдыз белгисине карап анын сексуалдуулугун аныктап көрдүңүз беле? Сиз тандап, жактырып жүргөн адамыңыз кийинки жашоодо сиз күткөндөй өнөктөш болуп бере алабы? Кантсе да, төшөксүз жашоо болбойт эмеспи. Ал жашоонун маанилүү, негизги бөлүгүнүн бири. Эгер жылдыздары төп келишкендер жолугуп калышса, бири-бирине кайталангыс ырахат тартуулап, эриш-аркак узак жылдар бою жашап өтүшөт.

Жылдыз белгилерине карай турган болсок, эркек менен аялдын ортосунда бир топ айырмачылык болот. Төмөндө алардын дал ушул төшөк жаатында кандай адамдар экини тууралуу маалымат.

Жаачы

Эгер сизге Жаачы жагып кала турган болсо жана сиз аны менен түбөлүк мамилени кааласаңыз, аны дароо эле ЗАГСка алып барыңыз. Жөн гана сүйлөшүп жүрүүчү адам катары Жаачы ишенимсиз. Абдан бат күйүп-жанып, бирок ал сезими менен алыска бара албайт, себеби анын жеңил мүнөздүгүндө эмес, болгону аны кайсы бир шамал учуруп кетип, кайра кайрып келбеши мүмкүн. Ал эми паспортто штамп болсо кайда кетсе да кайра сизге кайрылып келет. Эгер Эгиздер ширеңкеге кетип эки жылдан кийин кайрылып келе турган болсо, ал эми Жаачы кайрылып келет деп күтпөй эле койсоңуз болот. Эгер сиздин Жаачыңыз үйдө сиздин жаныңызда отурса дагы, ал толугу менен сиздин жаныңызда экенине кепилдик жок. Жаачы дайыма эле физикалык жактан да, менталдык жактан да ойкуп-кайкып учуп жүрө берет.  

Дароо эле эскертип кое турган нерсе: паспорттогу штапм Жаачынын бир эле сизге берилгендигин билдирбейт. Жаачы сүйгөн адамына абдан берилген адам болот, болгону ал бир эле учурда бир нече адамды сүйө алат. Ооба, баарын берилип сүйөт. Чыгышта жашайбы, Батышта жашайбы, айырмасы жок, анын үй-бүлөсүнүн тиби – гарем. Болбосо эки үй-бүлөсү болгон болот. Эгер бул нерсе аялдарына туура келсе, ал бирин да капа кылбайт. Жаачы баарына жетишет. Жаачынын иши жүрүшүп  турган кезде, ал абдан шайыр, ак көңүл жана берешен болуп калат. Ал эми иши оңунан чыкпай турган кезде, болбогон нерсеге сүйлөнүп, жинденип калат. Ошол учурда аны аяп, курсагын тойгузуп, көңүл бөлсө, ага майдай жагат. Ал эми секске келе турган болсок, Жаачы үйдөгүдөй жылуулукту жактырышат. Керек нерсенин баары айланасында даяр болсо: тамак-аш, телевизор, видео, ыңгайлуулук. Жаачылар эч шашылбайт, алар үчүн ылдамдык бир гана бүргө кармаганда керек. Ал төшөктөгү боло турган процессти биринчи аң-сезимине видеолента сыяктуу жазып алып, анан ошол боюнча акырын аткар берет. Эгер сиз жаңы нерсени кааласаңыз же эскини өзгөрткүңүз келсе, анга Жаачыга ачык эле айтышыңыз керек, ал сиздин кыйытып айтканыңызды түшүнбөй, кулак сыртынан кетирет. Өзгөчө Жаачы жыдызы алдында туулган эркектерге тиешелүү, көбүнчө айымдардын “намёгун” түшүнбөйт.    

Жаачы адатта өзү чоңоюп, ал эми аң-сезими кичинекей баланын деңгээлинде калып, башы оогон жакта жүрө берет. Ошондуктан, ага апа керек болот. Көпчүлүк учурда Жаачы өзүнүн өнөктөшүн апасына айландырып, турмуш-тиричиликтеги болгон жүктүн баарын анын мойнуна илип салат. Ошондуктан,  кийин өкүнүп калбаш үчүн дароо ЗАГСка барган жакшы.      

Текечер

Балким, кимдир бирөөгө кызык көрүнүшү мүмкүн, бирок Текечер сексуалдуу белги болуп саналат. Ал сизге жан дүйнөсүн толугу менен ачпаса да, сүйүктүү адам катары жалындуу жана ойлоп тапкыч адам. Эгер Текечер мырза болсо, аны менен болгон айым анын сүйөрүн, жумшак мамилесин жана ыраазылыгын сезбей өтөт. Кээде Текечер сүйбөй, жөн эле милдетин аткарып жүргөндөй болот. Текечер өзүнүн мындай алсыздыгын жакшы билет жана аны жашырып жүрүп өтөт. Айымдар жакшы көрүп уккан назик сөздөрүн айтпай, сүйүүсүн кам көрүү менен билдирет. Текечер айымдар деле өз сезимин ачык эле билдире бербейт. Текечер айымдар жана мырзалар секс аркылуу сезимин бекемдейт. Алар үчүн бул жаатта ар дайыма бийиктикте, кайталангыс болуу абдан маанилүү. Эгер андай болбосо да, алар өздөрүн ошондой деп эсептешет. Алар өздөрүнүн жасаган ишине болгон сиздин реакцияңызды байкап турат. Ал эми сиздин реакциясыз кубануу жана суктануу болушу керек. Биринчи кезекте алардын укмуш жана керемет экенин айтууңуз керек болот. Сыртынан сиздин кубанычыңызга эч кандай маани бербегендей түр көрсөткөнү менен, алар ичинен сиздин ар бир айткан да айтпай койгон да сөзүңүздү байкап, эске алып коюшат.

Сексуалдык жаатта ал лидер болушу керек. Сиз өзүңүз каалаган нерселердин баарын айтчу болсоңуз деле, качан эмне кылуу керектигин баары бир Текечер өзү чечет. Текечер эркектердеги бул касиет бир эле төшөктө эмес, турмуштун башка жааттарына да өз кедергисин тийгизи мүмкүн. Текечер сексуалдык патенциалга абдан чоң маани берет. сексуалдык базасында өзүнө ишенүүчүлүк, өзүн өзү сыйлоо, кадыр-барк бар. Сексуалдык проблемалар Текечерди нерв оорулуу кылып, бушайман, ыгы жок шашмалыкка алып келет. Алар ички маселени жаңы жумуш, долбоорлор менен чечүүгө аракет кылат. Бирок, өзүнө болгон ишенимин жоготкон Текечер жарым жолдо баштаганын таштап бачап кетиши мүмкүн. Жалпысынан өздөрүнө окшобой калат. Өзүнүн проблемасын бекитүү менен, алар Дон Жуандын жолу менен жашап баштайт.     

Сексуалдык жактан өзүнүн мыктылыгын бекемдөө үчүн айымдарды азгырып, алдап кумарга бата баштайт. Алар сулуу айымды төшөккө жеткирбей таштап салып, кызыктай оюндарды ойной башташат. Ошол эле учурда алар ошол айымдын кызыгы таркап калды деп ойлошот.

Бактыга жараша, Текечерлер чынында эле сексуалдык жактан күчтүү. Төшөк жаатындагы маселелер көбүнчө эмоционалдык негизде же физикалык жактан чарчаганда келип чыгат.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости