www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши боюнча жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу аял кризистик борборго кайрылып, шектүү тарап бир нече жолу тосмо арыз жазышы керектигин айтканын, бир жолу алар тосмо арыз жазуу үчүн аны милицияга чейин жеткиришкен.

Жабырлануучу тарап ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү мыйзамсыз экенин айтышты.

«22-ноябрда айыптоочу тарап тергөө учурунда процессуалдык мыйзам бузууларга жол берилгенин жүйөө келтирип, ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Свердлов райондук соту арызды канааттандырып, тергөөгө кайтарууну чечти. Жабырлануучу тараптын жактоочулары муну мыйзамсыз жана адилетсиз чечим деп эсептешет», - деп айтылат маалыматта. 

Жактоочулардын айтымында, алар бул сот актысына каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок ал жакта дагы соттук коллегия биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң тараптардын арыздары боюнча ишти кароонун алкагында Бишкек шаардык соту айыпталуучуну камактан бошоткон.

Учурда жабырлануучунун жактоочулары Жогорку Сотко, ошондой эле Свердлов райондук сотунун судьясы жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына карата дисциплинардык комиссияга кайрылуу ниети бар. 

«Мага адилеттүүлүк гана керек. Коркунучтуу, жийиркеничтүү кылмыш жасалды. Мага акчанын же башканын кереги жок. Күнөөлүү адам жазасын алышы керек, анткени эртең ал дагы бир аялга ушундай кылмышты жасашы мүмкүн», — дейт жабырлануучу. 

Өткөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары актёр Чыңгыз Мамаев кармалган.

Декабрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту актёрго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөткөн. Ал эми 11-январда ал үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости