www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол фондусун түзүү менен жолдор оңолот дегенге ишенбейм. Мындай пикирин бүгүн, 15-ноябрда парламентте “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамды талкуулоо учурунда "Айдоочулар коомунун" тең төрагасы Исабай Сулайманов билдирди.

"Кыргызстандын жүктөрүнүн 99% жол аркылуу ташылат. Биздин өмүрүбүз, экономикабыз жол менен байланыштуу. Бизде андан башка транспорттук ташуулар өнүккөн эмес. Бирок, жол фондусун түзөөрдөн мурун, эмнеге түзүлүп жатат, кантип түзүлүп жатат деген суроо туулат. Менин оюмча, бул дагы бир коррупциялык схема. Бул жол фондусун түзүп, адамдардын башын оорутпай, мурун салынган жолду көздүн карегиндей сактап, жүктөрдү норма менен ташыса жол бузулбайт. Жол эмнеге бузулат? Жүктүн салмагы нормадан ашып кеткенде бузулат. Бүгүнкү күндө жүктүн салмагы 35 тоннадан кем эмес. Алар белгиленген бир сумманы пара катары берип өтүп кетишүүдө. Мына ушунун айынан жолдор талкаланып жатат. Жол фондун түзүү менен жолдор оңолот дегенге ишенбейм. Себеби Транспорт министрлигинин эшигинен 5-кабатына чейин коррупцияланышкан адамдар отурат", - деп билдирди Исабай Сулайманов.

Анын айтымында аталган министрликтин структурасын оңдобой туруп, жол фондусун түзүүнүн кажети жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости